«Курак» тасмасы Колумбияда өтчү эл аралык кинофестивалга катышат
12 ноябрь

«Курак» тасмасы Колумбияда өтчү эл аралык кинофестивалга катышат

Кыргызстандык «Курак» көркөм тасмасы 2025-жылдын 20–26-ноябрында Колумбиянын Богота шаарында өтө турган 42-эл аралык BOGOCINE кинофестивалынын программасына кирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

BOGOCINE – Латын Америкасындагы эң эски жана абройлуу кинофестивалдардын бири.

1984-жылы негизделген бул фестиваль жаңы режиссёрлор менен дебюттук толук метраждуу тасмалар үчүн эл аралык маанилүү аянтча болуп саналат. Анын тарыхында Педро Альмодовар, Пон Джун Хо, Исабель Койшет, Алехандро Иньярриту жана Родриго Гарсия сыяктуу режиссёрлор алгачкы сыйлыктарын ушул фестивалда алышкан.

«Курак» – быйыл Борбор Азиядан катышкан жалгыз фильм. Ал Латын Америкасы, Чыгыш Европа, Германия, Испания жана Түштүк Кореядан келген 14 тасма менен бирге негизги конкурс бөлүмүндө көрсөтүлөт. Бул Түштүк Америкадагы премьерасы болуп саналат.

Тасма – Кыргызстан, Швейцария, Сербия, Франция, Нидерланды, Люксембург жана Италиянын биргелешкен өндүрүшү. Бул Борбор Азия тарыхындагы эң масштабдуу эл аралык ко-продукция болуп эсептелет. Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашкан.

Фильм жөнүндө:

«Курак» азыркы Кыргызстандагы зомбулук жана мыйзамсыздыкка туш болгон аялдардын үч өз ара байланышкан окуясын чагылдырат. Режиссёрлор көркөм реализмди, нуар жана даректүү хроника элементтерин айкалыштырып, курч социалдык теманы көтөрүшөт. Аталыш кыргыздын салттуу курак ыкмасына шилтеме берип, ар түрдүү тагдырлардын бирдиктүү мозаикасын символдоштурат.