Кыргыз Эл артисти Алмаз Сарлыкбековдун 75 жылдыгы өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында саат 18:30да Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү режиссер, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алмаз Сарлыкбековдун 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Алмаз Сарлыкбеков азыркы М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрынын башкы режиссеру, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, “Туздуу чөл”, “Адам жана Азазил”, “Өмүр жана өкүнүч”, “Талант жана тагдыр”, “Жаабарс” сыяктуу бедели жогорку спектаклдерди койгон.
Ошондой эле Шекспирдин “Король Лир” жана учурда абдан популярдуу болуп жаткан С. Раевдин “Күн кармаган бала” чыгармасын биринчи болуп сахналаштырган.
Ал койгон спектаклдер көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, азыркы күнгө чейин театрлардын репертуарларларынын тизмегин толуктап келет.
Салтанаттуу иш-чарада даректүү тасма, куттуктоо сөздөр жана Алмаз Сарлыкбеков режиссерлук кылган “Тагдыр жана талант” спектакли көрсөтүлөт.
