Тарыхый эс тутум: Балыкчыда тунгуч казы Кемел ажынын урматына эстелик ачылды
2026-жылдын 20-январында, Балыкчы шаарындагы Кулакунов көчөсү №180 дарегинде жайгашкан “Ысык-Көл” мечитинде кыргыз элинин улуу инсаны, Шабдан баатырдын уулу, Кыргызстандын тунгуч казысы (муфтийи) Кемел ажынын (Кемал-ад-Дин) урматына орнотулган эстелик таштын ачылыш аземи өттү.
Кемел ажы (1882–1948) кыргыз улутуна жана мусулманчылыкка ак кызмат кылган инсан. Ал 1946–1948-жылдары дал ушул “Ысык-Көл” мечитинде өзү имамчылык кылып, элге туура жолду көрсөтүп, агартуучулук иштерин жүргүзгөн.
Бул таштан жасалган тарыхый экспонат Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан даярдалып, курулуш иштери 16-январда аяктаган. Бүгүнкү ачылыш аземине кадырлуу коноктор катышты:
* КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев;
* Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз Кары Закиров;
* Шабдан баатырдын жана Кемел ажынын неберелери, туугандары жана шаар тургундары.
Иш-чаранын катышуучулары Кемел ажынын басып өткөн жолун, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана диний баалуулуктарынын калыптанышына кошкон салымын белгилешти.
