Бишкекте баткендиктердин турмушун чагылдырган “Шамал өрөөнү” көргөзмөсү ачылды
5 декабрь

Бишкекте баткендиктердин турмушун чагылдырган “Шамал өрөөнү” көргөзмөсү ачылды

Бишкекте Баткен облусунун социалдык-экономикалык жана миграциялык турмушуна арналган Даниль Усмановдун “Шамал өрөөнү” аттуу көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага музей директору Жылдыз Бакашова, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, Германиянын элчиси Моника Ленхард, Гете- институтунун жетекчилиги, долбоор катышуучулары жана коомчулук катышты.

Көргөзмө 28-декабрга чейин уланат.

Мындан сырткары, долбоор келерки жылы Парижде жана Берлинде көрсөтүлөрү белгиленди.

Музей көрүүчүлөрдү Баткен элинин турмушу, ички жана тышкы миграция темалары менен таанышууга чакырат.

Белгилей кетсек, иш-чара Француз-немис маданият институтунун долбоору жана Тарых музейинин колдоосу менен ишке ашты.