“Биримдик кербени” улуттук көчү Алай районунда
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган "Биримдик кербенинин" 40 күндүк улуттук жүрүшү Чоң-Алай районунан жолун улап, 4-августта Алай районуна келип жетти.
Гүлчө шаарында Чоң-Алай районунан келген атчан кербендерди Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Адыл Сапаров, ак элечекчен энелер, райондун коомчулугу салтанаттуу тосуп алышты.
Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин улуттук каада-салттарын чагылдырган маданий программа тартууланып, келген кербендин катышуучулары улуттук дастаркондон даам татышты.
Андан соң Чоң-Алай районунун өкүлдөрү Алай районунун өкүлдөрү менен биргеликте кербенге кошулуп, кийинки багыт катары Кара-Кулжа районуна жолун улантышты.
"Биримдик кербени" — өлкөнүн бардык 40 районун камтыган, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган ири жалпы улуттук долбоор.
Жүрүш 2026-жылдын 25-июлунан 2-сентябрына чейин уланып, ага республиканын бардык аймактарынан 400дөн ашуун катышуучу катышууда.
