Ошто Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду
5 декабрь

Ошто Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын толук жаңыдан курулган күмбөзүндө куран окуду. 

Мэриядан кабарлашкандай, буга чейин күмбөздүн сырткы, ички бөлүгү эскирип, зыярат кылганы келген жарандар үчүн да толук шарт болгон эмес.

Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка, Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынын эсебинен курулуп бүттү.