Кыргызстан менен Пакистан маданият жана жаштар саясаты багытында кызматташат
5 декабрь

Кыргызстан менен Пакистан маданият жана жаштар саясаты багытында кызматташат

Кыргызстан менен Пакистан маданият жана жаштар саясаты багытында кызматташат. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, КР министрлер кабинети менен Пакистан өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга, ошондой эле КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Пакистандын премьер-министринин Жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документтерге ушул жылдын 4-декабрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Мындан тышкары, экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлуп, аларды алмашуу аземи өткөрүлдү.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктарына жооп берген ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдоо боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.