Кум-Дөбөдө тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча иш-сапар өттү
2025-жылдын 22-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл аймагында орто кылымдарга таандык тарыхый-маданий мурастарды кароо жана коргоо боюнча иш-сапар өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, КР Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Маданият министрлигинин башкармалыгы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, архиологдор катышты.
Иш-сапардын жүрүшүндө катышуучулар Кум-Дөбө (Кочкор-Башы) археологиялык чалдыбары, жүргүзүлүп жаткан казуу иштери, табылган тарыхый материалдар жана консервациялоо процессинин абалы менен таанышышты. Ошондой эле К.Коңурбаевдин үй-музейине жана Көк-Таш архитектуралык-археологиялык эстелигине баруу уюштурулуп, аймактагы тарыхый объекттердин учурдагы абалы жана алардын сакталуу деңгээли талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында тарыхый-маданий мурастарды мамлекеттик деңгээлде сактоо, аймакты музейлештирүү жана инфраструктураны өркүндөтүү багытында бир катар сунуштар белгиленди.
