Нарын шаарында энелер күнү белгиленди
22 май

Нарын шаарында энелер күнү белгиленди

Нарын шаарында энелер күнү салтанатуу белгиленди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драм театрында уюштурулган майрамдык иш-чарага 500дөн ашык эне чакырылып, улуттук филармониянын таланттарынын концертине күбө болушуп, шаардык мэрия тарабынан даярдалган атайын белектерге ээ болушту.

Майрам ээлерин Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы куттуктап, энелердин коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, көп баланы жарыкка алып келип, татыктуу тарбия берип, коомго аралаштырып жатышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.