Байге фонду 2 млн сом. Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата республикалык айтыш өтөт
9 январь

Байге фонду 2 млн сом. Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата республикалык айтыш өтөт

Ак тандай акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүн утурлай республикалык айтыш өтөт. 

Айтыштын тандоо туру 15-январда саат 10:00дө Манас кинотеатрында өтөт. Ал эми финалдык бөлүгү Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында 17-январда саат 18:00дө башталат. 

Байге фонду 2 млн сом.