Астанада “Жамийла” мюзикли аншлаг жаратты
Маданият министрлиги
19 март

Астанада “Жамийла” мюзикли аншлаг жаратты

Казакстандын борбору Астана шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар уланууда, деп кабарлайт КР Маданият министрлиги.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 18-мартта Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Жамийла” мюзикли көрсөтүлдү.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы тарабынан даярдалган спектакль аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Коюм эки боордош элдин маданий жакындыгын жана достугун даңазалаган чыгарма катары кабыл алынды.

Коюмга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Казакстан Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары Айбек Сыдыков, ошондой эле маданият ишмерлери ж.б. күбө болүшту.

Куттуктоо сөздөрүндө тараптар кыргыз-казак маданий кызматташтыгынын маанисин белгилешип, мындай биргелешкен долбоорлор элдердин ортосундагы достукту дагы да бекемдей турганын баса белгилешти.

Белгилей кетсек, аталган маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын мрезиденти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен, ошондой эле «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

Анын алкагында 17-мартта “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли да тартууланган.