Нарын облустук М.Рыскулов атындагы драма театрынын жери кайрадан мамлекетке кайтарылды
23 ноябрь

Нарын облустук М.Рыскулов атындагы драма театрынын жери кайрадан мамлекетке кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрына тиешелүү жер тилкесинин кайрадан мамлекетке кайтарылганын маалымдайт.

Театр жетекчилиги мыйзамсыз түрдө жеке тараптын менчигине өтүп кеткен жер тилкесин кайра кайтарып алуу максатында тиешелүү сот органдарына кайрылган. Аталган иш Нарын шаардык сотунда жана Нарын облустук административдик сотунда каралып, чечим театрдын пайдасына чыгарылып, 2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул иш боюнча акыркы чечим кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги аталган чечимдин негизинде, Нарын шаарынын С. Орозбак көчөсү № 45/г дарегиндеги жалпы аянты 0,15 га түзгөн жер тилкеси курулмасы менен 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 1851-б буйрукка ылайык мамлекеттик менчикке кабыл алынып, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилди.

Наркы болжол менен 33 миллион сомго бааланган, аянты 0,15 га түзгөн жер тилкеге театр жакынкы келечекте маданият кызматкерлеринин муктаждыктарын эске алуу менен үч кабаттуу имарат куруу иштерине долбоор даярдоо иштери башталды.

Долбоор жалпысынан:

• 1-кабат – театрдын турак жайга муктаж кызматкерлерине арналган кызматтык батирлер;

• 2-кабат – борбор калаадан жана чет өлкөлөрдөн келип, Нарын театрында иштеген жаш адистер үчүн жатакана;

• 3-кабат – гастролдоп келген артисттерди жайгаштырууга арналган бөлмөлөр камтылышы күтүлүүдө.

Ошондой эле, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мындан ары да маданий объектилерге тиешелүү мыйзамсыз түрдө үчүнчү тараптарга өтүп кеткен жер тилкелери боюнча жигердүү иш алып барууну улантат.