Өзгөн шаарында жаңыланган “Айчүрөк” кинотеатры өз эшигин ачты
Өзгөн шаарындагы "Айчүрөк" кинотеатры капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кеңейтилип, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Кинотеатрдын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
“Маданият – элдин руханий негизи. Аны өнүктүрүү аркылуу гана биз келечектеги сапаттуу муундарды түптөй алабыз. Ошондуктан Өзгөн шаарынын элине жана конокторуна заманбап кинотеатрды ишке берүү бүгүнкү заманыбыздын талабы болууда. Өзгөн шаарындагы өзгөрүүлөр "Айчүрөк" кинотеатрынын жаңыланып ачылышы менен чектелбейт. Шаарда таза суу жана агынды суу системалары жаңыдан курулуп жатат. Мындан сырткары борбордук стадион курулууда. Шаардын жолдору дагы жаңыланып асфальт төшөлөт”, — деди Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, 1974-жылы курулган бул кинотеатрдын имараты капиталдык ремонтко жана заманбап техникалык жабдууларга муктаж болуп келген. Оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун, облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен 38 млн сом каржыланды.
Кинотеатр жалпы 350дөн ашуун орунга ылайыктуу.
