Бишкекте жаңыланган “Эл достугу монументинин” расмий ачылышы өттү
14 октябрь

Бишкекте жаңыланган “Эл достугу монументинин” расмий ачылышы өттү

Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Бишкектеги жаңыланган “Эл достугу монументинин” расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министриинин орун басары Марат Тагаев, Бишкек шаардык мэриянын кызматкерлери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Алманбет Матубраимов жана анын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле маданий ишмерлер жана коомдук активисттер катышты.

Алар монументтин ачылышында сөз сүйлөп, Кыргызстан өзгөчө маданий бай жана этностук көп түрдүүлүгүн белгилешти.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө, аталган монумент биздин тарыхыбыздын терең тамырларын, биздин ата-бабаларыбыздын мурастарын жана бүгүнкү көп этностуу Кыргызстандын ырааттуулугун жана биримдигин чагылдырып, достук жана биримдик –мамлекеттүүлүгүбүздүн негизги тирөөчтөрү экендигин баса белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа жана ар этностун улуттук кийимдеринин көргөзмөлөрү менен коштолду. Улуттук өзгөчөлүктөрдү даңазалаган көргөзмөлөр Кыргызстандагы этностордун уникалдуулугун жакындан таанууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул монумент Кыргыз Республикасындагы элдердин көптөгөн жылдар бою биримдикти, тынчтыкты жана этностор аралык ынтымакты сактап келгенинин символу катары тургузулган. Эстелик Кыргызстандагы ар этностордун ортосундагы тилектештикти жана биримдикти даңазалап, өлкөнүн тынчтыкты куруу саясатындагы маанилүү элементтеринин бири катары орун алат.

Аталган салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын маданий жана социалдык турмушундагы маанилүү окуя болуп эсептелип, достук жана биримдик идеясын жайылтууга чоң салымын кошот.