Кыргызстан менен Түркмөнстан маданий кызматташууну чыңдайт
22 май

Кыргызстан менен Түркмөнстан маданий кызматташууну чыңдайт

КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз делегациясы 20-майда Ашхабад шаарында өткөн маданий иш-чараларга катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чаралардын жүрүшүндө салбуурун улуттук аңчылык өнөрүнүн элементтери жана кыргыз ат оюндары көрсөтүлдү.

Сапардын алкагында министр Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстандын маданият министри Атагелды Шамурадов жана “Туркменатлары” мамлекеттик бирикмесинин жетекчиси Ахмет Бердыев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар маданият жана гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулады.

Мирбек Мамбеталиев түркмөн тарапка көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, эки тууган элдин ортосундагы туруктуу маданий диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи. Маданий кызматташтык элдердин өз ара түшүнүшүүсүнө жана ынак коңшулук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө болоору айтылды.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Түркмөнстанды 2025-жылдын 15-18-июнь күндөрү Ош шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн “ART EXPO” эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Бул иш-чара маданият жана искусство тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүүчү аянтча болуп, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, жаңы демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын билдирди.