Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымына караганда, президент имаратты оңдоо боюнча тапшырма берген, жумушчу топ түзүлдү.
"Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө. Спорт сарайын Бишкек мэриясынын күчү менен оңдойбуз. Имараттын негизги көрүнүшү сакталат, тескерисинче биз аны көп функциялуу кылганга аракет кылабыз. Бассейнди да калыбына келтирип, шаар тургундары үчүн жакшынакай имарат кылып берибиз", – деди ал.
Калаа башчысы ремонт иштери качан башталарын ачыктаган жок.
