Кыргызстан менен Австрия маданият тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Австриянын Кыргызстандагы элчиси Андреа Бахер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана жаштар саясаты чөйрөсүндө кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле биргелешкен маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл кесиптик билим берүү, музей иши жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө бурулду.
Мирбек Мамбеталиев австриялык делегацияны 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-австрия маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
