Анкара шаарында кыргыз маданиятынын фестивалы өттү
2 март

Анкара шаарында кыргыз маданиятынын фестивалы өттү

Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин көмөгү менен Анкарадагы кыргыз студенттеринин биримдиги жана Анкара Хажи Вели Байрам университети тарабынан уюштурулган Кыргыз маданиятынын фестивалы өттү.

Иш-чарага Түркиянын ар кайсы шаарларында жана провинцияларында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, этникалык кыргыздар, түрк чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркия Республикасынын жарандары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Элчиси Руслан Казакбаев кыргыздын улуу башкаруучусу Курманжан даткага арналган сүрөт көргөзмөсүн салтанаттуу түрдө ачты.

Мындан тышкары фестивалдын конокторуна салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук кийимдер жана аксессуарлар, кыргыз маданиятын жана искусствосун чагылдырган декоративдик уникалдуу буюмдары тартууланды. Ошондой эле кыргыздын улуттук тамак-аштары жана суусундуктары менен фуршет уюштурулду.

Руслан Казакбаев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмунун төрагалыгына арналган көптөгөн маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана көргөзмөлөрдү Кыргызстанда гана эмес, ТМУга мүчө башка өлкөлөрдө, анын ичинде Түркияда да өткөрүү пландары тууралуу маалымат берди.

Бул контекстте ал бардык түрк жарандарын ТМУга мүчө өлкөлөрдүн тарыхый жана маданий жайларын зыярат кылууга чакырды.

Фестивалдын меймандары иш-чаранын бай программасын белгилеп, мындай иш-чаралар кыргыз элинин маданий байлыгын сактоо жана жайылтуу үчүн маанилүү экендигин белгилешти.