Кыргыз Республикасынын эл артисти Табылды Актановдун 75 жылдык мааракеси белгиленди
Бүгүн, 11-ноябрда Улуттук академиялык кыргыз драма театрынын ак сакалы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Табылды Актановдун 75 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди.
Мааракеге Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Надырбеков Союзбек Надырбеков катышты.
Союзбек Надырбеков Т. Актанов көп кырдуу талант экендигин баса белгилеп, искусствонун ар тармагындагы зор эмгектерине токтолду. Өлкөнүн түрдүү театрларында образ жаратып, спектакль сахналаштырып, айтуучулук, манасчылык өнөрдү ала кетип эле тим болбостон, кыргыздын тарыхын изилдеп, жаш муундарга сабак боло турган чыгармаларды жаратып жаткандыгы – анын күжүрмөн эмгекчилдигинен кабар бере тургандыгын кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда көрүүчүлөргө Т. Актановдун калемине таандык режиссёр, КР эмгек сиңирген артисти Н. Мендебаиров сахналаштырган “Тагай бий” спектакли тартууланды.
