Союзбек Надырбеков Бишкектеги бир катар маданий мекемелерди кыдырды
20 январь

Союзбек Надырбеков Бишкектеги бир катар маданий мекемелерди кыдырды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Бишкек шаарында жайгашкан министрликке караштуу бир катар маданий мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон кабарлашкандай, иш сапардын алкагында министрдин биринчи орун басары төмөнкү объекттерге барды:

  • Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы,
  • Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры
  • Ч. Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры,
  • А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры.

Таанышуу учурунда Союзбек Надырбеков маданий мекемелердин ички абалына, материалдык-техникалык базасына, сахналык жабдууларына жана иштөө шарттарына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле жамааттардын учурдагы көйгөйлөрү, инфраструктуралык муктаждыктары жана өнүгүү багыттары боюнча маалымат алды.

Иш сапардын жыйынтыгында министрдин биринчи орун басары маданий мекемелердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берип, тармактагы ишмердүүлүктү жакшыртуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана чыгармачыл процесстерди колдоо маселелерине көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.