“Хор үчүн чыгармалар” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
12 ноябрь

“Хор үчүн чыгармалар” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Хор үчүн чыгармалар” аттуу кыргыз композиторлорунун ачык кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылды.

Жалпы 32 чыгарма катышып, аларды белгилүү композиторлор, хормейстерлер жана акындардан турган калыстар тобу баалашты.

Бүгүн, 11-ноябрь Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Союзбек Надырбеков жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Жеңүүчүлөр:

Баш байге (350 000 сом):

  • Мусаев Баласагын – “Дүйнө закым”
  • Маматова Гүлбара – “Эне-Сай”

I орун (300 000 сом):

  • Медетбекова Каныкей – “Арман ай”
  • Тиленчиев Карагул – “Өмүр”

II орун (225 000 сом):

  • Дооранов Таалайбек – “Жалбарып не кыласың”
  • Урмамбетов Догдурбай – “Ак шумкар”
  • Жумалиев Сардарбек – “Мекеним Кыргызстан”
  • Нур Чолпон – “Чынгыз Айтматовду жоктоо”

III орун (150 000 сом):

  • Бейшеев Таалайбек, Молдояров Нуржигит, Виноградова Галина, Саламатов Тимур, Мааданбеков Эсенбек, Айтбосунов Бакыт.

Кызыктыруучу сыйлыктар (83 333 сом):

Калдаров Бектурсун, Букалаев Камчыбек, Нусупова Чолпон, Алибаева Айжамал, Осмонов Кубаныч, Акимжан Жээнбай.

Министрлик бул сынак улуттук хор өнөрүн өнүктүрүүгө жана жаңы чыгармаларды жаратууга өбөлгө болорун белгиледи.