Ош облустук филармониясынын артисттери Индияда өз өнөрлөрүн тартуулашууда
Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын «Аалам» фольклордук тобу жана «Адеми» бий ансамбли 2026-жылдын 13–24-январь күндөрү Индияда өтүп жаткан XI эл аралык «Музыка жана бий» аталышындагы «Рамаяна» фестивалына катышууда. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Аталган фестиваль Индия өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулуп, Кыргызстандын атынан катышып жаткан чыгармачыл жамааттар өлкөбүздүн маданий элчилери катары эл аралык сахнада өнөр көрсөтүшүүдө.
Фестивалдын алкагында кыргыз элинин бай тарыхын жана руханий дүйнөсүн чагылдырган улуттук кийимдер, байыркы музыкалык аспаптар, ошондой эле ата-бабалардан мурас болуп келген улуу «Манас» эпосунун негизиндеги көркөм программа сунушталып, дүйнө коомчулугунун кызыгуусун жана жогорку баасын алууда.
Маалымат катары: 2025-жылдын октябрында Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын «Мөлмөл» эл аспаптар оркестринин 12 адамдан турган чыгармачыл курамы Индияда өткөн элдик фольклордук аспаптардын IX эл аралык «Рамаяна» фестивалына катышып, жогорку деңгээлдеги өнөрү менен өзгөчөлөнүп, ийгиликтүү жыйынтыктар менен Мекенге кайтып келген.
