Ош мэриясы
4 май
Ошто маданий жайлардын инфраструктурасы жакшыртылууда
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Алымбек Датка көчөсүндө жайгашкан Ош улуттук кыргыз драма театрынын айланасындагы таш экспозициялар жайгашкан аймак жарыктандырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мындан тышкары, Бабур атындагы музыкалык драма театрынын аймагы да толугу менен жарык менен камсыздалып, шаар тургундары жана коноктор үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Аталган иштер шаар инфраструктурасын жакшыртуу, маданий объектилердин көркүн арттыруу жана кечки убакта сейилдеп эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
