“Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли Москвада коюлду
16 декабрь

“Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли Москвада коюлду

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты Москва шаарында гастролдук иш сапарда болуп, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган этно-мюзиклди тартуулады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Ушул жылдын 14-декабрында “Кылым карытар бир күн” романындагы “Раймалы менен Бегимай” уламышынын негизинде сахналаштырылган этно-мюзикл “Москва” концерттик залында көрсөтүлдү.

Маданий кечеге Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадамиинов куттуктоо сөздөрүн айтып, эки элдин достук байланышын бекемдеген маданий иш-чаралардын уланышына каалоо-тилектерин билдиришти.

Расмий бөлүктө Ч. Айтматов атындагы фонддун президенти Элдар Айтматов Улуттук филармониянын башкы директору, КР эл артисти Кыргызбай Осмоновго “Чыңгыз Айтматов” медалын, ал эми башкы режиссер Уматбек Кадыровго “Ыраазычылык катын” тапшырды.

Этно-мюзикл Москва шаарынын көрүүчүлөрү жана мекендештерибиз тарабынан жылуу кабыл алынды.