Нью-Йоркто "Манас" эпосуна арналган БУУ резолюциясынын 30 жылдыгы белгиленди
Ушул жылдын 15-декабрында Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында кыргыз элинин улуу руханий мурасы – “Манас” эпосуна арналган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 49/129-резолюциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата эл аралык маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасынын орун басары, ЮНЕСКОнун Нью-Йорктогу кеңсесинин өкүлдөрү, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.
1994-жылы кабыл алынган аталган резолюция “Манас” эпосун адамзаттын оозеки жана материалдык эмес маданий мурасы катары дүйнөлүк деңгээлде тааныган алгачкы эл аралык документ болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун жалпыадамзаттык баалуулуктары БУУнун негизги принциптери жана Туруктуу өнүгүү максаттары менен айкалыштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүккө талапкерлиги тууралуу маалымат берилди.
Программа расмий жана маданий бөлүктөрдөн, тематикалык панелдик талкуудан туруп, гибриддик форматта өткөрүлдү. Катышуучуларга “Манас” эпосунун философиялык тереңдигин, тынчтыкты, биримдикти жана адилеттикти даңазалаган универсалдуу баалуулуктарын чагылдырган аудио-визуалдык материалдар сунушталды.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри өз сөзүндө 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ысык-Көл Эл аралык форумуна эл аралык коомчулукту чакырды.
Аталган иш-чара Кыргызстандын маданий дипломатиясын чыңдоого өбөлгө түзүп, улуттук руханий мурастын эл аралык коомчулукка кеңири таанытылышына олуттуу салым кошту. Белгилей кетсек, 1995-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде белгилөөнү колдоп, иш-чаралар ЮНЕСКОнун алкагында өткөрүлгөн.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.
