Ч.Айтматов атындагы театр эл аралык сыйлыкка татыды
XVIII Эл аралык көрүүчүлөрдүн симпатиясы боюнча «Звезда театрала» сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 15-декабрында Москва шаарындагы Вахтангов атындагы театрда болуп өттү.
КР Маданият министрлигинен кабарлашкандай, «Чет өлкөдөгү мыкты орус театры» наамына Кыргызстандан, Испаниядан жана Кипрден келген театр жамааттары талапкер болушту.
«Чет өлкөдөгү мыкты орус театры» номинациясында жеңүүчү болуп Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры (Кыргызстан, Бишкек шаары) табылды.
Сыйлык тууралуу: «Звезда театрала» сыйлыгы 2008-жылы негизделген. Бул – театр искусствосу жаатындагы Россиядагы көрүүчүлөрдүн көз карандысыз симпатиясына негизделген жалгыз сыйлык. Анын лауреаттары дүйнө жүзү боюнча миңдеген көрүүчүлөрдүн интернет аркылуу добуш берүүсүнүн негизинде аныкталат.
Жеңүүчүлөргө сыйлык катары атайын «Звезда театрала» үчүн Москва облусундагы Дмитрий жана Елизавета Кургановдордун студиясы тарабынан жасалган фарфордон жасалган Мим статуэткасы тапшырылат.
