Бишкекте академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт
www
30 март

Бишкекте академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт

3-апрель саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Чоң жыйындар залында академик, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Манастан Айтматовго карай: гуманитардык илимдердин учурдагы актуалдуу проблемалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Иш-чара Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институту, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары тарабынан уюштурулууда.

Конференциянын максаты — академик Абдылдажан Акматалиевдин илимий мурасын талдоо жана ааламдашуу шартында гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелерин талкуулоо. Илимий жыйын “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, тил илими, фольклористика, түркология жана искусствотаануу багыттарын камтыйт.

Иш-чарага Кыргызстан жана чет мамлекеттерден — Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар катышат.

Ошол эле күнү саат 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында академиктин урматына арналган адабий кече өтөт.