Кыргызстандын биринчи айымы Будапешттеги Мажар музыкасынын үйүнө барды
Кыргызстандын, Өзбекстандын биринчи айымдары Айгүл Жапарова жана Зироатхон Хошимова (Мирзиёева) Мажарстандын премьер-министринин жубайы Анико Леваинин чакыруусу менен бүгүн, 21-майда Будапешттеги Мажар музыкасынын үйүндө болушту. Бул тууралуу КР биринчи айымынын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.
Мажар музыкасы үйү – Будапешт шаарындагы интерактивдүү, көргөзмө, концерттик жана музыкалык-педагогикалык борбор.
Туруктуу көргөзмө конокторду европалык жана мажар музыкасынын түптөлүшүнөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, анын ичинде интерактивдүү жана мультимедиялык элементтер менен тааныштырат.
Көргөзмөнүн уникалдуу элементи болуп Саякбай Каралаевдин аткаруусунда «Манас» эпосунан үзүндү аткарылган бөлүгү саналат (көргөзмөнүн авторлорунун идеясы боюнча кыргыз фольклору мажар фольклордук музыкасынын калыптанышында чоң роль ойногон).
Биринчи айымдын Мажар музыкасы үйүнө барышы президент Садыр Жапаровдун Мажарстанда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуусунун алкагында болду.
