Садыр Жапаров Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты
президенттин администрациясы
19 июнь

Садыр Жапаров Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Албания Республикасынын президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда, анын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү.

Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.

Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.

Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тайган тукумундагы иттердин жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.