Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын сентябрга карата репертуары
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театры күйөрмандары үчүн 100-театрдык сезондун алкагындагы сентябрь айына карата репертуар сунушталды.
Жаңы сезондо көрүүчүлөргө мазмундуу, кызыктуу жана терең мааниге ээ спектаклдер тартууланат. Сахнада коюлган ар бир чыгарма адам тагдырын, турмуштук баалуулуктарды жана коомдогу маанилүү маселелерди чагылдыруу менен көрүүчүлөргө өзгөчө таасир тартуулайт.
Сентябрь айында өтүүчү спектаклдердин бардыгы саат 19:00дө башталат. Билеттин баасы 500 сомду түзөт.
Көрүүчүлөр билеттерди @ticket.kg жана kassir.kg платформалары аркылуу онлайн сатып ала алышат. Ошондой эле кошумча маалымат алуу үчүн театрдын кассасына (0550) 557-255 номери аркылуу кайрылууга болот.
Театр көрүүчүлөрдү спектаклдерге белгиленген убакыттан кечикпей келүүгө чакырат. Спектаклдер өз убагында башталат.
Театрдын директору — Кыргыз Республикасынын эл артисти А. Өзүбеков.
Театрдын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти А. Имашова.
