Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди
Бишкекте бүгүн 4-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында “Манас” эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Ал “Манас” эпосун адамзаттын эң көлөмдүү жана эң терең философиялык оозеки мурастарынын бири катары мүнөздөп, аны сактоо жана кеңири жайылтуу — мамлекеттиги бар ар бир элдин жоопкерчилиги экенин баса белгиледи. Ал “Манас” эпосу кыргыз элинин биримдигин, эркиндигин, улуттук маңызын жана руханий дүйнөсүн даңазалаган теңдессиз мурас катары түбөлүк нарк-дөөлөт бойдон кала берерин белгиледи.
Ошондой эле, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, эпосту жайылтуу жана манасчылык феномен өнөрдү өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик жана коомдук аракеттер тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Жаратман манасчы” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Мамлекет тарабынан “Манас” эпосун жана аны алып жүрүүчүлөрдү колдоо – маданий саясаттын эң приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Быйылкы иш-чара да дал ушул багыттагы иштерди улантуу, мурасту сактоо жана жаңы муунга туура жеткирүү максатын көздөдү.
