Бишкекте “Чексиз симфония” аттуу эл аралык музыкалык концерт өттү
Маданият министрлиги
4 май

Бишкекте “Чексиз симфония” аттуу эл аралык музыкалык концерт өттү

Ушул жылдын 29-30-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Чексиз симфония” аттуу эл аралык музыкалык концерт өтүп, көрүүчүлөргө унутулгус маданий кече тартуулады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, шаар мэри Айбек Жунушалиев, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана башка коноктор катышты.

Концерттин негизги максаты — музыка аркылуу элдерди, маданияттарды жана чыгармачылык дүйнөлөрдү бириктирүү болду.

Концертте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Өзбекстандын Эл артисти, дирижёр жана көркөм жетекчи Нур Өмүрбаев жетектеген Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестри менен Германиялык композитор, аранжировщик жана эл аралык музыкалык долбоорлордун жетекчиси Адриан Верум жетектеген ар улуттун музыканттарынан турган "ODK Orchestra" жамааты концерттик программа тартуулашты.

Эки оркестрдин айкалышы классикалык, этникалык жана заманбап музыканы жаңы симфониялык форматта сунуштап, көрүүчүлөргө кыргыз, европа, кытай, монгол, испан, немец, орус, түрк жана башка элдердин музыкалык чыгармалары аткарылды.

Айрыкча кыргыз музыкасынын жаңы симфониялык аранжировкалары улуттук мурастын заманбап форматта жаңырышына өбөлгө түздү.

Сахнада белгилүү аткаруучулар Каныкей, Курал Чокоев, Аксай Мукамбет уулу, Гүлзада Рыскулова, Азат Сыдыков, Элмира Тажиева, Виктория Алябьева, Адилет Жумашев жана эл аралык солисттер жана музыканттар

Адриан Верум, Зураб Джаганидзе, Еберхард Хан, Андреас Кербер, Ральф Рейхерт, Франк Хенкель, Дебора Вильчес, Фабиан Вендт, Люси Жао, Кандара Диебейт, Джан Демирел, Джан Бэтмен, Чао Хуа, Юлия Мертен өнөр көрсөтүштү.

Музыкалык чыгармалар клавиша (Германия-АКШ), бамбук флейта жана чоң флейта (Япония, Германия), диджериду (Австралия), труба жана флюгельгорн (Египет, Европа, Бавария) альп мүйүзү жана хакбретт (Германия, Австрия, Швейцария), кахон (Түштүк Америка), кора (Батыш Африка), баглама (Түркия), гитара (Түштүк Америка, Германия), бас-гитара (Европа, АКШ),

эрху (Кытай), домра (Россия), пипа (Кытай), дарбука (Түркия) аспаптарынын коштоосунда жанырды.

Айрым композицияларда импровизация элементтери да колдонулуп, чыгармачылык эркиндикке басым жасалды.

Долбоордун өзгөчөлүгү — мындан аркы

"ODK Orchestra" жамаатынын концерттик турнелеринде кыргыздын комуз менен кыл кыягында ж.б. ойногон музыканты Дастан Биримкулов кошулуп дүйнө кыдырат.

Концертти уюштургандар-эл аралык "Артайнмент" фондунун негиздөөчүсү Сана Лавров жана журналист, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси Гулзат Шаршеналиева.