Ысык-Көлдө "Кызгалдак" эл аралык фестивалы башталды
Ысык-Көл жээгинде 26-июндан 3-июлга чейинки аралыкта аймактагы маданий турмуштун маанилүү окуясына айланган "Кызгалдак" (“Алые Маки”) аттуу эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны Санкт-Петербургдун Эл аралык хореографтар союзу жана “Антре” балет мектеби-студиясы КР Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурууда.
Фестивалдын негизги окуясы — бул 28-июнда “Рух Ордо” маданий борборунун театр сахнасында өтүүчү эл аралык хореографиялык жана вокалдык аткаруучулук боюнча конкурс болот.
2025-жылы фестиваль беш өлкөдөн келген катышуучуларды бириктирди: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы. Жалпысынан фестивалдык иш-чараларга 450дөн ашуун катышуучу тартылган, ал эми конкурс программасына 600гө чейин адам чогулат деп күтүлүүдө.
“Алые Маки” фестивалы — бул жөн гана конкурс эмес, бай мазмундуу маданий-агартуучу программа. Анын алкагында хореографтар үчүн мастер-класстар, квалификация жогорулатуу курстары, сүрөтчүлөр үчүн пленэрлер, ошондой эле балдар үчүн интерактивдүү сабактар жана интенсивдер өткөрүлөт.
Быйыл өзгөчө окуя катары белгилүү казакстандык “Гүлдер” ансамблинин жетекчиси Анвара Сыдыкова казак бийи боюнча мастер-класс өткөрөт.
Фестивалдын негизги максаты — ар түрдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл жамааттарынын ортосунда достук байланышты чыңдоо, маданий диалогду өнүктүрүү жана жаш таланттарды колдоо.
