Lady Gaga, Bruno Mars жана Ariana Grande Кыргызстанда концерт бериши мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
8 сентябрь

Lady Gaga, Bruno Mars жана Ariana Grande Кыргызстанда концерт бериши мүмкүн

Lady Gaga, Bruno Mars, Ariana Grande, Backstreet Boys жана Jennifer Lopez Кыргызстанда өнөр көрсөтө турган кийинки дүйнөлүк жылдыздар болушу мүмкүн. Бул тууралуу эл аралык продюсер, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программаларынын чыгарылыш редактору Ислам Сатаров билдирди.

Анын айтымында, артисттердин Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгү президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен биргеликте талкууланууда. Учурда ырчылардын гастролдук графиктери каралып, сүйлөшүүлөр уланууда.

«Биз ар кандай артисттер менен бир жарым жылдан бери сүйлөшүп келе жатабыз. Азыр алардын графиктерин карап жатабыз», – деди Сатаров.

Ошол эле учурда концерттердин так даталары азырынча белгилене элек.

Продюсер Шакиранын Кыргызстанга келиши мүмкүн экендиги тууралуу да комментарий берди. Анын айтымында, быйыл анын концертин өткөрүү пландалган эмес. Сентябрь жана октябрь айларына башка иш-чаралар белгиленген, ал эми кийинчерээк ачык асман алдында масштабдуу концерттерди өткөрүүгө аба ырайынын шарттары ылайыктуу болбой калат.

Кыргызстанга кайсы дүйнөлүк жылдыздар келери сүйлөшүүлөр аяктап, алардын гастролдук графиктери макулдашылгандан кийин белгилүү болот.