Жеке ишкер жети манасчыга ак өргө белек кылды
Жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан жети манасчыга деп берилген ак өргөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, бул демилге улуу мурас болгон «Манас» эпосун даңазалоого жана аны жаш муундарга кеңири жайылтууга багытталган.
Манасчылар Нургалы Асаналиевге бата беришип, өздөрүнүн чыгармачылык дараметин дагы көтөрүүгө даяр экенин билдиришти.
Ишкер Нургалы Асаналиев маданий мурастарды колдоону мындан ары да уланта беришин айтып, манасчыларга чыгармачылык ийгилик каалады.
Бул колдоо - манасчылык өнөрүнүн өнүгүшүнө жана элдик мурастын сакталышына чоң салым болору баса белгиленди.
