Кыргызстандын маданият министри менен ЮНЕСКОнун башчысы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты
Маданият министрлиги
22 апрель

Кыргызстандын маданият министри менен ЮНЕСКОнун башчысы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

2026-жылдын 20–21-апрелинде Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин ЮНЕСКО штаб-квартирасына (Париж ш.) иш сапары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Иш сапардын алкагында министр Халед аль-Анани менен жолугуп, «Максым» салттуу кыргыз суусун даярдоо боюнча билимдерди адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизүү тууралуу сертификатты расмий кабыл алды.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен болгон жолугушууларда «Сулайман-Тоо» жана «Батыш Тянь-Шань» сыяктуу дүйнөлүк мурас объекттерине байланыштуу маселелер каралды.

Иш сапар ЮНЕСКО Аткаруу кеңешинин жыйынынын алкагында өтүп, анын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар уюштурулуп, маданий диалогду өнүктүрүү жана жаңы биргелешкен демилгелер талкууланды.