Бишкекте Баянгали Алимжановдун “Айкөлдүн жолу” аттуу өздүк вариантын түзгөн китебинин бет ачары өттү
4 декабрь

Бишкекте Баянгали Алимжановдун “Айкөлдүн жолу” аттуу өздүк вариантын түзгөн китебинин бет ачары өттү

4-декабрда – “Манас” эпосунун күнүнө карата – кыргыз улуттук “Манас” театрында казакстандык белгилүү манасчы, Кыргыз Республикасынын “Достук” орденинин ээси Баянгали Алимжановдун “Айкөлдүн жолу” аттуу өздүк вариантын түзгөн китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Жаңы эмгек кыргыз менен казактын руханий бир туугандыгын, “Манас” мурасынын улуулугун жана түрк дүйнөсүнүн биримдигин даңазалаган маанилүү чыгарма катары бааланды.

Китеп эпостун бай салтын жана заманбап көркөм ой жүгүртүүнү айкалыштырып, маданий кызматташтыктын жаңы барагын ачты.

Иш-чарага президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, ошондой эле белгилүү окумуштуулар жана профессорлор катышып, чыгарманын тарыхый жана маданий маанисин белгилешти.