Кол өнөрчүлүк тармагында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде салттуу кол өнөрчүлүк тармагында маданий туризм үчүн жаңы продукциялардын жаралышын колдогон 2025-жылдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Иш-чара өлкөдөгү маданий мурасты сактоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди таануу максатында уюштурулду.
Салтанат Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгында ишке ашырылып жаткан «Салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү» аттуу 2023–2026-жылдарга карата ODA долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Иш-чарада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ICHCAP өкүлү Ким Доксун, Кореянын элчиси Ким Кванджэ жана ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Сынактын башкы максаты – кыргыздын салттуу оюм-чиймелерин жана символдорун заманбап дизайн менен айкалыштырып, инновациялык туристтик продукцияларды жаратуу. Катышуучулар сувенирлер жана күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдардын моделдерин сунуштап, салттуу элементтердин маданий маанисин жаңычыл көз карашта чагылдырды.
Иш-чара мындан аркы тажрыйба алмашууга, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, санариптик маркетингди күчөтүү жана маданий туризмди илгерилетүү боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Долбоор салттуу кол өнөрчүлүктү колдоо Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү усталардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана материалдык эмес маданий мурастарын сактоого чоң салым кошорун баса белгиледи.
