Кыргыз Республикасынын эл артисти  Асылгүл Набиеванын 75 жылдык мааракеси белгиленди
22 ноябрь

Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылгүл Набиеванын 75 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино өнөрүнүн көрүнүктүү чебери Асылгүл Набиеванын 75 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Мааракелүү иш-чарага расмий жетекчилер, маданият ишмерлери, театр сүйүүчүлөр катышты. Иш-чара маараке ээсинин чыгармачылык өмүр жолуна арналган документалдык тасма менен ачылып, андан соң салтанаттуу куттуктоолор менен уланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов ж.б. сөз сүйлөп, Асылгүл Набиеваны кутман курагы менен куттукташты.

Куттуктоо сөздөрдө Асылгүл Набиеванын улуттук маданияттагы орду, анын бай чыгармачылыгы, театр өнөрүнө жана жаштарды тарбиялоого кошкон зор салымы мамлекет жана коомчулук тарабынан жогору бааланарын баса белгиленди.

Салтанаттын соңунда театр труппасы Асылгүл Набиева менен бирге мааракеге арналган “Күн автопортретин тартып бүтө элек” спектаклин көрсөттү.

Маалымат үчүн: Асылгүл Набиева – кыргыз театр өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрүнүн бири. Нарын облустук музыкалуу драма театрында жана кийин Чүй облустук театрда иштеп, Шекспир, Айтматов, Достоевский жана башка улуу инсандардын чыгармаларында 60тан ашык образды жараткан. Анын Гонерильясы, леди Макбети, Катерина Ивановнасы, Инкамалы өңдүү ролдору кыргыз сахнасынын классикалык образы катары белгилүү.

Ошондой эле актриса “Өмүр жазы”, “Төрөлүү үчүн өлүү”, “Айыл өкмөтү”, “Уурунун махабаты” сыяктуу тасмаларда да эсте калаарлык каармандарды жараткан.

Асылгүл Набиеванын чыгармачылык ийгиликтери үчүн ага “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” наамдары ыйгарылып, бир катар улуттук жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланган.