Нарын облусундагы тарыхый-этнографиялык музейге Анар Байгабатова директор болду
15 декабрь

Нарын облусундагы тарыхый-этнографиялык музейге Анар Байгабатова директор болду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 12-декабрынан тартып Анар Байгабатова Какен Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинин директору кызмат ордуна дайындалды. Дайындоо 3 айлык сыноо мөөнөтү менен жүргүзүлдү.

Анар Казакбаевна Байгабатова 1966-жылдын 15-декабрында Чүй облусунун Москва районундагы Большевик айылында туулган.

1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетин аяктаган. Ошондой эле 2022-жылы И. Арабаев атындагы университеттен китепкана таануу адистиги боюнча билим алган.

Адистиги боюнча – математик-окутуучу, китепканачы-библиограф.

Анар Байгабатова көп жылдык эмгек жолунда билим берүү жана маданият тармагында үзүрлүү иштеп келген. Эмгек ишмердүүлүгүн 1988-жылы Нарын районундагы Оттук орто мектебинде математика мугалими болуп баштаган. Андан соң Ак-Талаа районундагы Балдардын билим борборунда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2010-жылдан тартып Нарын облустук китепканасында ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалап, 2019-жылдан бери аталган мекеменин директору болуп эмгектенип келген.