Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү өтөт
Бишкекте 21-апрелде Азербайжандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маданий иш-чаралар программасы:
21-апрель.
- Саат 15:00 –Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде,
- Азербайжан улуттук мурас искусствосу көргөзмөсү.
- Саат 19:00 – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында,
- Азербайжан искусствосунун чеберлери катышкан гала концерт
22-апрель.
- Саат 14:30 – Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында,
- Азербайжан адабияты бурчунун ачылышы.
- Саат 15:00 –Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында,
- Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары.
- Саат 19:00 – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында, Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин концерти.
23-апрель.
- Саат 16:00 –Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында, Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы.
- Саат 19:00 – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында, Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси.
24-апрель.
- Саат 16:00 Кыргыз улуттук “Манас” театрында,
- Салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти.
- Саат 19:00 – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында, Джаз музыкасынын кечи.
Аталган маданий иш-чараларга кирүү акысыз.
