ЮНЕСКО Эл аралык Ысык-Көл форумуна расмий патронаж берди
Бүгүн, 26-майда ЮНЕСКО 2026-жылдын 18–21-июнунда өтө турган Эл аралык Ысык-Көл форумуна расмий патронаж берди. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.
Бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында жетишилди.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий кайрылуусун ЮНЕСКОнун Башкы директоруна тапшырды.
Ошондой эле форумду колдоо маселеси министр Мирбек Мамбеталиев менен ЮНЕСКОнун Башкы директору Халед Эль-Энани ортосундагы жолугушууда талкууланды.
ЮНЕСКОнун патронажынын берилиши — Эл аралык Ысык-Көл форумунун дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү диалог аянтчасы катары таанылгандыгынын ырастоосу болуп саналат.
Маалымат үчүн: Эл аралык Ысык-Көл форуму 1986-жылы улуу жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделип, адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, дүйнөлүк саясаттагы маданияттын орду жана интеллигенциянын тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулоого арналган ачык интеллектуалдык аянтча болуп эсептелет.
