Париждеги 400 жылдан ашуун тарыхы бар эң эски базар өрттөнүп кетти
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 октябрь

Париждеги 400 жылдан ашуун тарыхы бар эң эски базар өрттөнүп кетти

Париж шаарындагы 400 жылдан ашуун тарыхы бар Marché des Enfants Rouges жабык азык-түлүк базары өрттөн дээрлик толугу менен жок болду. Бул тууралуу Le Monde басылмасы жазды.

Өрт 12-октябрга караган түнү Париждин үчүнчү округундагы тарыхый Маре районунда чыккан. Өрт тууралуу куткаруу кызматына таңкы саат 04:15 чамасында кабар түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда жалын базарды толугу менен каптаган. Аны өчүрүүгө 150дөй өрт өчүрүүчү жана 50 техника тартылган.

Өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Пьер де Бувьенин айтымында, жалын болжол менен 1 миң чарчы метр аянтты жок кылган. Металл конструкциялардын бир бөлүгү урап түшкөн. Бир өрт өчүрүүчүнүн абалы начарлаган, башка жабыркагандар болгон эмес.

Париждин борбордук округдарынын мэри Ариэль Вейль өрт чектөөгө алынып, жалындын коңшу имараттарга жайылышына жол берилбегенин билдирди.

«Базар толугу менен жок болду», — деди ал.

Өрттүн чыгуу себеби азырынча аныктала элек. Le Parisien басылмасынын маалыматына ылайык, өрт болжол менен 20 соодагерге зыян келтирген. Алардын айрымдары бул жерде бир нече муундан бери иштеп келишкен.

Анфан-Руж базары 1615-жылы Людовик XIIIнүн тушунда негизделген жана Париждеги бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген эң эски жабык азык-түлүк базары болуп эсептелген. Бул жерде жаңы азык-түлүктөр сатылып, кафелер жана чакан ресторандар иштеген.

Marché des Enfants Rouges аталышы кыргызча «Кызыл балдардын базары» дегенди билдирет. Бул аталыш жакын жерде жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучуларына байланыштуу келип чыккан. Алар кызыл түстөгү кийимдерди кийишкен.

1982-жылы базар Франциянын тарыхый эстеликтеринин реестрине киргизилген. 1990-жылдары анын ордуна унаа токтотуучу жай куруу үчүн базарды бузуу пландалган. Бирок жергиликтүү тургундар менен ишкерлер анын сакталып калышына жетишкен.