Стамбулда Чыңгыз Айтматов эскерүү иш-чаралары өттү
15 декабрь

Стамбулда Чыңгыз Айтматов эскерүү иш-чаралары өттү

2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Руслан Казакбаевдин жетекчилиги алдында Анкара шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун эстеликтеринин алдында эскерүү иш-чараларын өткөрдү.

Иш-чаралар дүйнөлүк адабиятка чоң таасир эткен жана бүткүл Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган улуу кыргыз жазуучусунун туулган күнүнүн 97 жылдыгына арналды.

Эскерүү иш-чаралары бир мүнөт унчукпай туруу жана жазуучунун эстеликтерине гүлчамбар коюу менен Анкара шаарынын Кечиөрен жана Чанкая муниципалитеттериндеги Ч.Айтматов атындагы парктарда өттү.

Иш-чарага Кечиорен муниципалитетинин башчысынын орун басары Атила Зорлу, ошондой эле Түркиянын Улутчул кыймыл партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү, Чыңгыз Айтматов институтунун башкармалыгынын мүчөсү, доцент доктор Алп Йылдыз катышты.