Германияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган маданий кече өттү
2025-жылдын 12-декабрында Кыргызстандын Германиядагы элчилиги GoEastGenerationen e.V. уюму менен биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган маданий кечени уюштурду.
Германиядагы элчиликтен кабарлашкандай, бул иш-чара жазуучунун туулган күнү менен байланыштуу өткөрүлдү.
Иш-чарага GoEastGenerationen e.V., Cultur‑Cooperation International e.V., Берлиндеги Орус илим жана маданият үйү, Берлиндеги Юнус Эмре Түрк маданий институту жана Берлиндеги Азербайжан маданий борборунун өкүлдөрү, ошондой эле Айтматовдун чыгармачылыгын сүйгөн күйөрмандар катышты.
Кечеде «Aitmatow100» долбоору жана Берлинде Айтматов Клубунун ачылышы сыяктуу демилгелердин презентациясы болуп, жазуучунун мурасын жайылтуу максатында иш-чара өткөрүлдү. Ошондой эле документалдык «Джамиланын терезеси» тасмасы көрсөтүлдү – бул герман документалдык фильми, анда Чыңгыз Айтматов өз жаштыгынан, өспүрүмдүк жана жашоо жолунан биринчи жактан баяндаган. Жазуучунун жеке эскерүүлөрү аркылуу көрүүчүлөр анын туулуп-өскөн аймагына, дүйнө таанымына жана адабий чыгармачылыгын шыктандыруучу учурларга кире алышат (Сценарийдин автору жана режиссёру: Гюнтер Котте (MDR/arte 1994).
Иш-чара улуттук тамактар менен коноктордун өз ара баарлашуусу менен жыйынтыкталды, бул маданий диалогду чыңдоого жана достук атмосфераны түзүүгө салым кошту.
