Садыр Жапаров ТМУнун башкы катчысы менен кызматташтыкты талкуулады
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Президент Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.
Ушуга байланыштуу ал Түрк инвестициялык фондунун мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу демилгелерин илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары өзгөчө ролун белгилеп, кыргыз тарап анын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга кызыкдар экенин баса көрсөттү.
Президент ошондой эле Уюм мындан ары да маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруусу керектигин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле ТМУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
