Руслан Казакбаев Түркиянын Бурса провинциясында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту
2Бурса шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстандын жарандары жана Кыргыз Республикасынын Бурса шаарындагы Ардактуу консулу Билал Тутуш менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Элчи Руслан Казакбаев жарандарды Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен куттуктап, Түркияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы биримдикти, өз ара түшүнүшүүнү жана өз ара жардамдашууну сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Р.Казакбаев жарандарга өлкө жетекчилиги тарабынан экономиканы өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган реформалар, коррупцияга каршы күрөш, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелеринин абалы жана келечеги тууралуу маалымат берди.
Жолугушууда элчи азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү – улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевдин Ата-журтуна кылган кызматына токтолуп, алар жөнүндө атайын Жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти С.Жапаров кол койгонун белгиледи.
Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Доктринасында белгиленген Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, кыргыз элинин улуттук рухуна, руханий жана материалдык байлыгына жарандардын өзгөчө көңүлүн бурду.
Ал ошондой эле КРнын Бурса шаарындагы Ардактуу консулдугунун кеңсесинде болуп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, Билал Тутуш менен ардактуу консулдук менен Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.
