Кыргызстан менен BBC медиа тармагындагы кызматташтыкты талкуулады 
Маданият министрлиги
26 май

Кыргызстан менен BBC медиа тармагындагы кызматташтыкты талкуулады 

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Би-Би-Синин (BBC) Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Ричард Колборн менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушууга министрликтин маалымат башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов, Би-Би-Синин Бишкек бюросунун башчысы Заирбек Бактыбаев жана Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын башкы редактору Кубат Касымбеков катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы медиа чөйрөнүн учурдагы абалын, сөз эркиндигин камсыз кылуу, санариптик журналистиканы өнүктүрүү жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле маалымат тармагындагы тажрыйба алмашуу жана эл аралык медиа кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.

Министр Мирбек Мамбеталиев Кыргыз Республикасы сөз эркиндигин, көз карандысыз медианы жана ачык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал өлкөдө маалымат мейкиндиги ачык жана көп түрдүү болуп, салттуу медиа менен катар санариптик платформалар жана социалдык тармактар активдүү өнүгүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, тараптар санариптик медиа, журналистиканын сапатын жогорулатуу жана дүйнөлүк аудиторияга Кыргызстанды таанытуу багытындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Айрыкча 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде чагылдыруу маселесине көңүл бурулду.