Бишкектеги мектептердин биринде Кытай Жаңы жылы белгиленди
11 февраль

Бишкектеги мектептердин биринде Кытай Жаңы жылы белгиленди

Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы №69 мектепте Кытай Жаңы жылына арналган маданий-агартуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. 

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи Май райондук администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Конокторду мектеп окуучулары комуз, ооз комуз жана башка улуттук музыкалык аспаптарда аткарылган чыгармалар менен тосуп алышты. Ошондой эле окуучулар кытай элдик бийлерин жана кытай тилиндеги ырларды аткарып, Кытай Жаңы жылын майрамдоо салттарын тааныштырышты.

Куттуктоо сөзү менен элчи Лю Цзянпин чыгып, окуучуларга окууда ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалап, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-агартуу байланыштар мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуучуларга жана мектеп жетекчилигине жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана даярдык үчүн ыраазычылык билдирип, жаш таланттарды колдоо жана маданият менен билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер мэрия тарабынан ар дайым колдоого алына турганын белгиледи.