Китепкана жана китеп тармагы боюнча «ART DIALOG» өттү
30 январь

Китепкана жана китеп тармагы боюнча «ART DIALOG» өттү

Бүгүн, 30-январь Улуттук телерадиоберүү корпорациясында китеп жана китепкана тармагындагы актуалдуу маселелерге арналган «ART DIALOG» диалогдук аянтчасы өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси жана “УТРК” телеканалынын колдоосу менен уюштурулуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, тармактык адистерди жана коомчулукту бир аянтчага чогултту.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Улуттук китепкананын жетекчилиги жана башка расмий өкүлдөр катышып, китепкана жана китеп тармагын өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.

Диалогдун жүрүшүндө китепкана системасынын учурдагы абалы, тармактагы негизги көйгөйлөр, жүргүзүлүп жаткан реформалар, китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана китепканалардын ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайыкташтыруу маселелери кеңири талкууланды.

«ART DIALOG» диалогдук аянтчасы мамлекет менен тармактык мекемелердин ортосундагы конструктивдүү диалогду чыңдоого, китеп жана китепкана тармагынын стратегиялык багыттарын тактоого шарт түздү. Иш-чаранын жыйынтыгында тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.